Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Ошто кыздардын сөйкөсүн тартып алган кыз кармалды


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, адам тоноого шектелип кармалган кыз 18 жашта. Ал бир топ убакыттан бери кичинекей кыздардын кымбат баалуу буюмдарын, алтын сөйкөлөрүн тоноп жүргөн деп шектелүүдө.

Кылмышка шектүү деп кармалган жаран Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG