Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Жапониянын императору Акихито бүгүн 79 жашка толду


Туулган күнү менен куттуктап, императордун сарайынын алдында чогулгандарга кайрылып, ал өзүн жүрөк операциясынан кийин жакшы сезип калганын айтты.

Операция өткөн февралда жасалган. Акихито жапон эли өзгөчө жер титирөө менен цунамиден, Фукушима ядролук станциясындагы апааттан жапа чеккендер үчүн дуба кылаарын айтты.

Император 2003-жылы рактан дарыланган. Начар ден соолугуна карабай, Акихито былтыр жубайы менен бирге 2 ай бою жаратылыш кырсык аймагынан эвакуацияланган эл менен жолугушуп жүрдү.

XS
SM
MD
LG