Кубада хирургиялык операция жасалгандан кийин Чавестин ден соолугу жакшы болуп келатканын өлкөнүн маалымат министри Эрнесто Вильегас жергиликтүү сыналгы аркылуу дүйшөмбүдө жарыялады.
Венесуэланын президенти, 58 жаштагы Уго Чавеске 11-декабрь күнү операция жасалган, бул ага жасалган төртүнчү онкологиялык операция. Айрым маалыматтар боюнча Чавес 10-январга белгиленген инаугурациясына чейин толук айыгып кете албашы ыктымал. Ал 7-октябрда дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланган.