Сарпашев: Тариф саясатын иштеп чыгабыз
Өкмөт энергетикадагы кыска жана узак мөөнөттүү тариф саясатын иштеп чыгууда. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев “Азаттыкка” берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Энергетикадагы каатчылыктын чыгуунун жолдору, жаңы жылга карата газ келишими тууралуу айткан Сарпашев Орусия менен түзүлгөн отун-энергетикалык келишимдер Кыргызстандагы абалды оң жагына бурат деген ишенимде. (Заирбек Бактыбаев)