Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Аба ырайы


Шашылык эскертүү

31-декабрдан 2-январга чейинки жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 жана 198-265-чакырымында), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымы), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, жана 145-150-чакырымы), тоолуу автожолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болушу мүмкүн. Жол тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы

1-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында кар жаайт. Калган аймактарда жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 14, Ысык-Көл аймагында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0 ... +5, кечкисин -5 чейин суук болот,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0 ... +5, кечкисин -5 чейин суук болот,
Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0 …+5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5,
Нарында түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15,
Тоолордо түнкүсүн -20…-25, ал эми күндүз -10…-15 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чаачын болбойт, күндүз күндүн экинчи жарымында кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3 ... -5 градус, күндүзгү жогорку температурасы +3…+5 градус, ал эми кечке жуук абанын температурасы -3 градуска чейин төмөндөйт.(КЕ)

XS
SM
MD
LG