Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

АКШ мамкатчысы кийинки аптада ишке чыгат


АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргендей, мамкатчы Хиллари Клинтон кийинки аптадан тарта жумушуна кайтып келгени жатат. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Виктория Нуланд мамкатчынын абалы жакшы экенин айтып, ал үйүндө эс алууда болсо да, кызматкерлери менен байланышып жатканын белгиледи.

65 жаштагы Хиллари Клинтон башында табылган уюган канга байланыштуу өткөн жекшембиде ооруканага жаткырылган. Ал ооруканадан шаршемби күнү үйүнө кайтып келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG