Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Чарбак айылында электр кайра жанды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акиминин орун басары Акмурза Тагаев билдирди.

Анын айтымында, айылдагы 6-январда Өзбекстандын Сох анклавынын тургундары оодарып салган электр мамылары кечээ кечтен тарта кайра тургузулуп, жарык берүү калыбына келтирилди. Учурда айыл тургундары кириптер болгон чыгымды атайын түзүлгөн комиссия эсептеп жатат.

Муну менен бирге учурда Баткен жана Фергана облустарынын губернаторлору, чек ара кызмат башчылары чек ара жаңжалын жөнгө салуу жолдору тууралуу сүйлөшүүнү улантып жатканын Тагаев кошумчалады.

6-январда Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары Кыргызстандын Чарбак чек ара тозотуна электр чубалгысын тартышына каршылык билдирип чыккан эле. Айылдын миңдей тургуну Кыргызстандын Чарбак айылына келип, 30 тургунду барымтага кармап өз аймагына алып кеткен. Барымтадагылар эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кечээ кечинде толугу менен бошотулган. (BkA)

XS
SM
MD
LG