Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Кашмирде Индиянын эки аскери мерт болду


Индия бийликтеринин ырастоосунда, алардын эки жоокерин талаштуу Кашмир аймагын бөлүп турган көзөмөл тилкесинин жанынан атып салышкан.

Атышуу Пакистан аскерлери тилкени кесип өткөндөн кийин башталган. Индия армиясынын өкүлү кагылышууну “олуттуу чагым” деп атады.

Пакистан армиясы болсо алардын жоокерлери оозунуп ок атканын төгүндөдү.

Шейшембидеги кан төгүүгө чейин Пакистан ушул жекшембиде Индия аскерлери алардын бекетине чек арадагы сызыктын жанынан кол салып, бир жоокерди мерт кылганын айтышкан.

1947-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык алгандан бери Индия менен Пакистан талаштуу Кашмир аймагы үчүн 3 ирет согушту. Акыркы согуш 1999-жылы болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG