Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Бишкекте Кыргызстан - АКШ сүйлөшүүлөрү өтөт


Бишкекте Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтык боюнча эки тараптуу кеңешме өтөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

17-январда өтүүчү кеңешмеге АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк катышат. Ал Бишкекте эки күндүк иш сапарда болот. 16-январда Блейк Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, 1-вице-премьер Жоомарт Оторбаев менен жолугат.

Кыргыз-америкалык кеңешменин экинчи отурумунда саясый, экономикалык кызматташтык, коопсуздук, демократиялык өнүгүү, билим берүү, маданият багыттары боюнча негизги маселелер талкууланат.

"Америка добушу" радиосунун билдиргенине караганда, Роберт Блейк кыргыз бийлиги менен "Манастагы" Транзиттик жүк ташуу борборунун ижара мөөнөтүн узартуу тууралуу да сүйлөшөт. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG