Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Полковниктин өлүмү: кимдин карааны көрүнөт?


Толкунбек Шоноевди акыркы сапарга узатуу, 13-январь, 2013-жыл
Толкунбек Шоноевди акыркы сапарга узатуу, 13-январь, 2013-жыл

Ошто киши колдуу мерт кеткен полковник Тoлкунбек Шоноевдин өлүмү боюнча алгачкы маалыматтар белгилүү боло баштады.

ИИМдин маалыматы боюнча, 11-январда киши колдуу болуп жан берген аталган министрликтин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүрдү деп шектелген адам 13-январда Бишкекте кармалды. Ал мурда бир нече ирет соттолгон 24 жаштагы Жылдызбек Карамбаев аттуу жаран болуп чыкты.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Карамбаев өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү экени айгине болду:

- Кармалган адамдын кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү экени дайын болду. Бирок Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп-болбогонун так айтуу кыйын. Учурда мындай маалыматтардын баары комплекстүү түрдө тергелип жатат.

Толкунбек Шоноев
Толкунбек Шоноев
Толкунбек Шоноевдин өлтүрүлүшү боюнча ички иштер министринин орун басары Болот Абакиров башында турган тергөө тобу иликтеп жатат. Министрлик болсо полковниктин өлүмүнө дагы башка шектүүлөр тууралуу так маалымат берген кишиге бир миллион сом сыйлык берерин жарыялады.

Буга чейин “24.kg” маалымат агенттиги ИИМдеги өз булактарына, Коомдук канал болсо Бишкек ШИИБнын башчысы Мелис Турганбаевге шилтеме берип, кармалган адамдын Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын бири делип, эл аралык издөө жарыяланган Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү деген маалыматты тараткан болчу.

Алманбет Анапияевдин адвокаты Самат Заков Бишкектеги маалымат жыйында Шоноевдин өлүмүнө Анапияевдин тиешеси жоктугун билдирип, президент Алмазбек Атамбаевге жана күч органдарынын башчыларына кайрылуу жолдоду. Адвокаттын айтымында, Алманбет Анапияевге жеке өчү бар адамдар кырдаалдан пайдаланып, аны каралоо аракетин көрүп жатат:

Маркумдун апасы менен зайыбы.
Маркумдун апасы менен зайыбы.
- Бул өлүмгө Алманбет Анапияевдин эч кандай тиешеси жок. “24.kg” агенттигинде жарыяланган жана КТРКнын “Ала-Тоо” программасынын Бишкек ШИИБнын башчысы Мелис Турганбаевдин Карамбаевдин анын кылмыштуу тобунун мүчөсү деген маалыматы негизсиз. Негизинен эле Анапияевди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп айыптагандары да жалган маалымат. Мен анын адвокаты катары укугун коргоп жаткан адамга жалган жалаа жабууну токтотууну суранам.

Заков азыр Араб Эмираттарында жашаган Анапияев өзүнө коюлган айыптардын негизсиздигин далилдөө үчүн Кыргызстанга келүүгө камынып жүргөнүн кошумчалады.

Анткен менен Мелис Турганбаев жетектеген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун катышы бар болгону далилденип жатканы билдирип жатышат. Башкармалыктын маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, Карамбаев Алманбет Анапияевдин жакын адамдарынын бири экени тууралуу маалымат бар:

- Мелис Турганбаев канча жылдан бери уюшкан кылмыштуу топторго каршы иштеп келген. Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары, мүчөлөрү тууралуу маалыматы бар. Ошонун негизинде ушундай маалыматты айткан. Каза болгон полковник Шоноев Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн камакка алып, иш жүргүзгөн. Ошондуктан түздөн-түз ошол тарапка маалыматтар кетип жатат.

39 жаштагы Алманбет Анапияев “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин оң колу катары өлкө түштүгүндө кылмыш чөйрөсүн кармап келгендиги айтылып жүрөт. Аны 2003-жылы Кадамжай райондук соту карактоо фактысы боюнча сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бирок үч жылдык сыноо мөөнөтүнөн соң абактан чыккан. Андан соң Кылмыш кодексининин адам уурдоо, талап-тоноо сыяктуу беренелери боюнча бир нече оор айыптар тагылган.

Анапияев өлкөдөн качып кеткен соң, ага сыртынан айыбы угузулуп, эл аралык издөө жарыяланган. Былтыркы жылдын аягында АКШ бийлиги Анапияевди Камчы Көлбаев менен бирге эл аралык кылмыштуу топко тиешеси бар деп таап, банк эсептерин камакка алган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG