Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Алжирде барымтада кармалган 30дай адам качып кеткени кабарланууда


Алжирдин мамлекеттик маалымат каражаттары Ливия менен чектеш аймактагы чөлдө газ иштеткен заводдун барымтадагы кызматкерлери (арасында чет өлкөлүктөр да бар) барымтачылардын колунан качып кетишкенин кабарлашууда. Ал арада, Алжирдин өкмөттүк аскерлери исламчыл козголоңчулар басып алган заводду дале курчап турушат. Козголоңчулар коңшулаш Малини француз аскерлери бошотушун талап кылышкан.

Al-Jazeera телеканалы өзүн ошол козголоңчулардын өкүлүмүн деген адамдын маегин көрсөттү. Ал киши “сүйлөшүүлөрдү башташ үчүн заводду курчоого алган алжирдик аскерлер кетсин” деген талабын айтты. Ал 41 адам барымтага алынганы жөнүндө мурдараак айтылган кабарды да ырастады жана алардын арасында Норвегия, Франция, АКШ, Британия, Жапония жана башка бир топ өлкөлөрдүн жарандары бар экенин айтты. Алжир өкмөтү барымтачылар менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG