Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:46

Чарбак чатагы боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүү токтоп калды


Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаковдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Чарбак жаңжалы, Сохтун жака-белиндеги жолдорду ачуу тууралуу кыргыз-өзбек сүйлөшүүсү токтоп турат. Анын айтымында, Кыргызстан сүйлөшүүнү улантуу ниетин билдирип, атайын чабарман жөнөткөн. Бирок өзбек тарап 10 күндөн бери жооп бербей жатат. Соңку сүйлөшүү 10-январда өткөн болчу.

17-январдан тарта расмий Ташкент эч себебин түшүндүрбөй кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук”, “Маданият”, “Кең-Сай” өткөрмө бекеттерине чектөө киргизди. Ал эми Кызыл-Кыя өткөрмө бекетин 18-январдан бери толук жаап салды.

5-6-январда Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушаярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор жабылган.

Жогорку Кеңеш кечээ кыргыз-өзбек чек арасындагы бул жаңжалды талкуулап, токтом кабыл алды. (JsA/EBM)

XS
SM
MD
LG