Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Тоң: Күйүп кеткен мектептин окуучулары чабандардын үйүндө окууда


Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында былтыр декабрда өрт кырсыгында жарактан чыгып калган мектептин окуучулары учурда үч башка имаратта окуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" район акиминин орун басары Улан Маликов билдирди. Анын айтымында, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында Аксакалдар кеңешинин имараты жана эки чабандын үйү пайдаланылууда. Тиешелүү шарт түзүлүп берилди. Окуу жылы аяктаганча алар ушинтип окуп турмай болду. Кийин жаңы мектеп курулат деп жатышат.

Мектеп 2012-жылдын 17-декабрында өрттөнүп кеткен. Көк-Мойнокто 92 окуучу жана 12 мугалим бар. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG