Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Алжир: барымта курмандыктарынын саны өсүүдө


Өлгөндөрдүн сөөгүн аныкташ үчүн машинеге артып жатышат, Ин Аменас, 21-январь, 2013
Өлгөндөрдүн сөөгүн аныкташ үчүн машинеге артып жатышат, Ин Аменас, 21-январь, 2013

Алжирдин коопсуздук күчтөрү чөлдөгү газ заводунда барымтадагыларды бошотуш үчүн өткөргөн төрт күндүк атайын операциянын жыйынтыгында барымтада кармалгандардын кеминде 48и өлгөнүн ырасташты.

Мындан бир аз мурдараак чабуулда барымтадагылардан 23 адам өлгөнү гана кабарланган. Бирок кечээ алжир күчтөрү “Ин Аменас” газ заводунан дагы 25 адамдын сөөгүн табышты. Набыт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экени эскертилүүдө.

Азырынча барымтада калган дагы 20 адамдан дайын жок. Алжирдин коопсуздук күчтөрү ишембиде 32 барымтачынын баары өлтүрүлгөнүн билдирген болчу. Бирок бир күндөн кийин өкмөт беш барымтачы колго түшүрүлгөнүн, дагы үчөөн азыр издеп жатышканын кабарлады.

Бул жерде элди барымтага алууну уюштурган делген исламчыл козголоңчулардын башчысы Мухтар Белмухтар мурдараак бул окуяда 40 козголоңчу катышып жатканын алдын ала билдирген.

Жумурияттын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, “Ин Аменас” заводу өндүргөн газ жалпы Алжирдин газ өндүрүшүнүн 10% түзөт. Бул жерде иш эртеңден тарта кайра улантылаары айтылууда. Азыр бийликтер өлкөнүн энергетика тармагындагы негизги ишканаларда коопсуздукту күчөтүү зарылдыгын да айтып жатышат.

Кантип башталды?

Өткөн шаршембиде барымтага түшкөндөрдүн ичинде ондогон чет өлкөлүктөр да болду. Анткени бул заводду Британиянын, Норвегиянын энергетикалык ишканалары жергиликтүү компания менен биргеликте иштеткен.

Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон алжир бийликтерин кескин чаралардан оолак болууга, сөзсүз алдын ала масилээттешүүгө чакырат. Бирок заводду курчоого алган алжир коопсуздук күчтөрү бейшембиде заводдон барымтадагыларды алып качып жөнөгөн жикчилердин автобусуна чабуул коюшат.

Аскер күчтөрү активдүү чабуулун башташы менен барымтачылар кармап турган адамдарды өлтүрө башташат. Жети адам ошондо атылганы айтылууда, бирок калгандары кандай жагдайда өлгөнү азырынча белгисиз.

Алжир күчтөрүнүн аракетин кийин окуяда жабыркаган бир топ мамлекеттердин өкмөттөрү сындашты.

"Корктук"

Окуя болгон Ин Аменас шаары Алжирдин баш калаасынан 1500 чакырым түштүктөгү Ливия менен чектеш жерде орун алган. Бир нече күнгө созулган барымта окуясы бул шаардын тургундарынын да үрөйүн учурган нерсе болду.

Жергиликтүү тургундардын бири Ахмед жекшембиде “Рейтер” агенттигине сүйлөп, бүтүндөй шаар коркуп турганын айтты.

"Азыр эми баары жакшы деңизчи, бирок окуя башталганда баарыбыз үрөйүбүз учту. Бул жерде газ, мунай заводдору көп, ошондон корктук. Кудай андан сактасын, бирок непада завод жарылып кетсе эмне болот эле?, - деп суроо салат Ахмед. - Айланада жашаган элге аябай оор болмок".

Тургундардын дагы бири Хосин: "Эң оболу биз, жергиликтүү эл муну айыптайбыз. Барымта окуясынан чет өлкөлүктөр эле эмес, ушул жерде жашаган биз, Алжирдин экономикасы жапа тартты. Азыр эми баары тынчыды", - дейт.

Ин Аменаста заводдун кызматкерлерин исламчыл козголоңчулардын куралдуу тобу өткөн аптанын шаршембисинде барымтага алышкан. Себеби тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда. Башынан эле исламчыл козголоңчулар адамдарды барымтага алышканынын себеби “коңшулаш Малиден француз аскерлери чыгып кетишин талап кылып жатышат” деп айтылган эле.

Малиде исламчыл козголоңчулар өлкөнүн түндүгүн былтыр апрелден бери көзөмөлдөп турушат. Аларга өкмөттүк күчтөр чабуул койгондо Франция жардам иретинде эки апта мурун өлкөгө өзүнүн аскерлерин киргизген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG