Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Ысык-Көлдө ВИЧке чалдыккандардын саны өсүүдө


Ысык-Көл облусунда ВИЧке чалдыккандардын саны өсүүдө.Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук оорукананын эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Дамира Онгоева билдирди. Анын айтымында, былтыр облуста ВИЧ жуктуруп алган 13 адам каттоого алынды. Ошентип облуста ВИЧке чалдыккандардын жалпы саны мурдагы жылы 66 адам болсо, былтыр 79га жетти. Адистердин айтымында, айыккыс илдеттин тарашына ички жана сырткы миграция чоң таасирин берүүдө. Ошондой эле абактан бошонуп келген жарандар да үй-бүлөсүнө кайтканда бул ооруну башкаларга жуктурган учурлар бар. ВИЧ менен жашап жүргөн 79 кишинин 53ү эркек, 26сы аял. Каттоодо тургандардын үчөө - өспүрүмдөр. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG