Борбордук шайлоо комиссиянын 30-январдагы жыйынында өлкөдө 5 шаарда жана 14 айыл өкмөткө 12-февралда кайрадан шайлоо өткөрүү боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын маалымат катчысы Токтоболот Жумалиев билдирди. Анын айтымында, Кайыңды, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Баткен, Майлуу-Суу шаарларында жана 14 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңештердеги кворумдун жоктугунан мэрликке жана айыл өкмөт башчылыгына буга чейин белгиленген шайлоолор өтпөй калды. Эми шайлоо жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык, кайрадан шайлоо өткөрүлөт.
28-январдан 3-февралга чейин Кыргызстандын 20 шаарында жана 251 айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийликтин башчыларын шайлоо дайындалган. Азыркы күнгө чейин 11 шаарда мэр жана 100гө жакын айыл өкмөт башчылары шайланды.(BkA)