Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

Аскер бөлүгүнөн кетип калган жоокерлердин отуз экиси кайтып келди


Дагы үч жоокер туугандары менен байланышып, кайтып келерин билдиришкен. Бул маалыматты ИИМ басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, учурда дагы төрт жоокердин чоожайы такталууда.
3-февралдын түнүндө ИИМдин Ички аскерлеринин №702 бөлүгүнүн 39 жоокери уруксатсыз бөлүктөн кетип калышкан.

Кыргызстан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети аскер бөлүгүн таштап кеткен аскерлердин мамлекеттик №1 резиденцияга тиешеси жоктугун билдирди. Аталган комитеттин маалыматы боюнча президенттик резиденцияны УКМК жана Улуттук гвардиянын аскерлери кайтарышат. Кечээ айрым маалымат каражаттары аскер бөлүгүнөн кетип калышкан аскерлер президенттик резиденцияны кайтарышат деп кабарлашкан.

Кыргызстанда аскер бөлүктөрүнөн жоокерлердин бириндеп жана топ-тобу менен кетип калган учурлар кездешет. Буга негизинен аскер бөлүктөрүндөгү уруп-сабоо, кыйноолор себеп болору айтылып жүрөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG