Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

АКШ өкмөтү S&P's агенттигин сотко бергени жатат


АКШ бийликтери Standard & Poor's рейтинг агенттигин 2008-жылкы финансылык кризис алдында ипотекалык акцияларга берген баасы үчүн сотко берүүнү мерчем кылууда. Агенттиктин маалымдашынча, Standard & Poor's 2007-жылы жогору баалаган жана бонддор менен камсыздалган айрым ипотекалык акциялардын наркы кийинки жылы катуу арзандап кеткен. Анын кесепетинен АКШнын турак жай рыногу кыйрап, ал глобалдык кризиске алып барган.

Маалымат булактарынын билдиришинче, АКШнын Юстиция министрлиги Standard & Poor's рейтинг агенттигин жуманын аягында сотко берет. Бул 2008-жылкы финансылык кризиске байланыштуу рейтингдик агенттиктин үстүнөн сотко биринчи жолку даттануу болот. Мындай кабардан кийин S&P's агенттигинин акциялары кунун 13, 8 процентке жоготту.

XS
SM
MD
LG