Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Ахмадинежад менен Мурси Сириядагы кырдаалды талкуулады


Ирандын президенти өзүнүн Египетке отуз жылдан берки тарыхый сапары учурунда Египеттин мамлекет башчысы Мухаммед Мурси менен жолугушту. Египеттин мамлекеттик MENA маалымат агенттиги жолугушууда эки президент аймакты өнүктүрүү маселесин жана “Сириядагы кан төгүүнү аскердик кийлигишүүсүз токтотуу” тууралуу сүйлөшкөнүн маалымдады.

Египет менен Иран Сирия чатагында бири-биринин пикирине каршы турган тараптар. Тегеран Башар Асаддын режимин колдосо, Египет козголоңчуларды жактайт.

MENA агенттиги ошондой эле тараптар “Египет менен Ирандын мамилесин жакшыртуу” тууралуу да сүйлөшкөнүн айтат. Тегеран Каир менен мамилесин 1980-жылы Египет Израил менен тынчтык келишимин түзгөндөн кийин үзгөн.

Ирандын президенти Египтке жасаган иш сапары учурунда Каирде өтүүчү Ислам кызматташтыгы уюмунун саммитине да катышмакчы.

XS
SM
MD
LG