Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

Текебаев: Талоончулук боюнча комиссия калыс иштеген жок


Апрел окуясындагы талоончулук боюнча убактылуу депутаттык комиссия көп жагдайларды эске алган эмес. Бул тууралуу бүгүн "Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. "Атамекенчилердин" талап-тоноого тиешеси жоктугун тастыктаган арыздарды карабай койгонун айтты:

Жазуу түрүндө сотко да, комиссияга да берилгендердин бирөө да эске алынган эмес. Анан бир аял айтты деп жыйынтык чыгарып койдуңар.Бул адилеттүүлүкпү? 

Парламентте бүгүн 2010-жылдын 7-9-апрелиндеги талап-тоноочулукка "атамекенчи" депутаттардын тиешеси бар-жоктугун териштирген убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат. (RK)

 

XS
SM
MD
LG