Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Жерүй боюнча сынак келерки айларда өтөт


Жерүй алтын кенин сатыкка коюу боюнча сынак март айынын этегинде, апрель айынын башында өтөт. Бул тууралуу аталган кен боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын бүгүнкү жыйында айтылды. Анда негизинен сынакты уюштуруп-өткөрүүнүн жол-жобосун аныктоо, сатыкка коюнун шарттарын белгилөө маселелери талкууланып жатат.

Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Буга компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы негиз болгон.

Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Кендин айланасындагы айыл жашоочулары Кумтөр кенинин маселеси чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө каршы болуп келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG