Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Орусия: метеорит түшкөнүнө байланыштуу ыкчам штабдар түзүлдү


Орусиянын Челябинск, Курганск, Свердлов, Самара жана Саратов облустарында бүгүн эртең менен түшкөн метеориттин сыныктарына байланыштуу ыкчам штабдар түзүлдү. Челябинскиде түшкө чейин жалпысынан 500дөй адам ооруканага кайрылды.Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тогуз адамдын балы оор. Медициналык жардамга муктаждардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Ондой эл жашаган аймакта имараттарга жарака кетип, айнектери күбүлдү.

Соңку маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги метеоритти таба элек. Аталган облустун губернаторунун сайты космостон түшкөн метеорит Чебаркүл көлүнүн жанына түшүшү ыктымал экенин жазды. Окумуштуулар метеориттин салмагы бир канча тоннага жакын болушу ыктымалдыгын айтууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG