Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Пакистан: Кветтадагы чабуулда өлгөндөрдүн саны 81ге жетти


Пакистандын Белужистан провинциясынын Кветта шаарындагы ишемби күнкү бомба чабуулунан курман болгондордун саны 81ге чыкты. Полициясынын билдиришинче, өлгөндөрдүн көбү шиит хазарлар жана жарадарлардын саны 160тан ашат. Хазарлар Кветтага бир кылымдын ашуун убакыт мурда Ооганстандан ооп келишкен. 16-февралдагы кандуу булоон үчүн жоопкерчиликти “Лашкар-е-Жангви” уюму өзүнө алды. Жыл башында ушул эле Кветта шаарында эки жолку бомба чабуулу 86 кишинин өмүрүн алган.

Пакистандын калкынын көбү сунни мусулмандары. Жергиликтүү согушчул топтор шииттерди динбузар дешип, тынбай кол салып турат. Кветта шаарынын көпчүлүк калкы шииттер.

XS
SM
MD
LG