Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:52

Аскер прокуратурасы армиядан качкан жоокерлерге кылмыш ишин козгогон жок


Бул тууралуу бүгүн парламенттеги коопсуздук жана коргонуу комитетинин жыйынында аскер прокурорунун орунбасары Максатбек Молдалиев билдирди. Анын айтымында, аскер прокуратурасы бул факт дыкат иликтенгенден кийин аскерден качкан 39 жоокерге кылмыш ишин козгоону туура көргөн эмес. “Алгач жоокерлер аларды противогаз кийгизип чуркатып, мазакташарын айтышкан, бирок мунун баары далилденген жок”, - деди Молдалиев.

ИИМдин ички аскерлигине караштуу бөлүктөн 3-февралдын кечинде 39 аскер качып, 2 күндөн кийин толугу кайтып келишкен эле. (JAk)

XS
SM
MD
LG