Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Түркияда 170 чакты шектүү террорист кармалды


Түркияда маалымат каражаттары Анкара, Стамбул баш болгон бир нече шаарда 167 шектүү террорчу камакка алынгандыгын жазышууда. Түркиянын коопсуздук кызматтарынын кабарлашынча, кармалгандар Ыңкылапчыл элдик боштондук партия-майданы деп аталган террордук уюмдан болушу мүмкүн.

Марксисттик-ленинчил бул уюм ушул айдын башындагы АКШнын Анкарадагы элчилигине кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. 1-февралдагы кол салууда түркиялык коопсуздук кызматкери жана жанкечти өзү набыт болгон. Чабуулда бир нече киши жараат алган. Түркиянын коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, аталган уюмдун өкүлдөрү мындан үч ай мурда сырттан келишип, жергиликтүү экстремисттик уюмдар менен байланыш түзө башташкан. Боштондук партия-майдан америкалык империализмге каршы күрөшүндө АКШ менен кызматташкан Анкаранын өкмөтүн жана армияны бутага алып келет.

XS
SM
MD
LG