Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Мигранттарды тооруган кургак учук


Кыргызстанда кургак учукка чалдыккандардын көпчүлүгү Орусия менен Казакстанда иштеп келген мигранттар экени белгилүү болду.

Кыргызстанда кургак учукка чалдыккандар саны көбөйүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлиги былтыр бул илдет мурдагы жылга салыштырмалуу 20 пайызга өскөнүн кабарлады. Дарыгерлердин маалыматына караганда, кургак учукка көбүнчө Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн мигранттар кабылып жатат.

Куруткан кургак учук

23 жаштагы Нурлан Москвада иштеп жүрүп кургак учук илдетине чалдыккан мекендештердин бири. Ал мектепти бүтөөрү менен Орусияга иш издеп кетип, ал жакта ачка-ток, жумуштун табылганына сүйүнүп иштеп жүрө берип, 5 жылдан кийин омуртка кургак учугуна кабылган. Учурда ал Бишкекке келип, Улуттук фтизиатриялык борбордо дарыланып жатат:

- Акыркы бир жарым жылда сыз жерде тактай тилип иштегем. Ошондо чалдыктым окшойт. Негизи эле шарты жок жайларда жашап, тамакты өз убагында ичпей эле жүргөнбүз да. Мурун деле сыркоолоп көрүнгөндө, дарыгерлер жашаган шартыңарга жакшылап көңүл бургула дешчү. Бирок четте иштеп жүрсөң кайдагы шарт? Анын үстүнө биздин кургак климаттан нымга барганда да ушундай оору пайда болду окшойт.

Нурландын айтымында, Москвада өзү менен батирде бирге жашаган кыргызстандыктардан кургак учукка чалдыккандар бар болчу. Алар деле саламаттыгы начарлаганына карабай, көр оокат айынан тырышып эмгектенип жүрүшөт.

Четте иштеп жүрсөң кайдагы шарт? Анын үстүнө кургак климаттан нымга барганда да ушундай оору пайда болду окшойт...


Нурландын айткандарын Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунун башкы директорунун милдетин аткаруучусу Абдулат Кадыров деле тастыктайт. Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө кургак учукка чалдыккандардын саны өсүп жатат. Маселен, былтыр өткөн жылдарга салыштырганда өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны дээрлик 20 пайызга көбөйүп, кургак учукка кабылган 5 миңден ашык адам катталган.

Профессор Кадыров илдет өзгөчө Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн мигранттар арасында тездик менен көбөйүп жатканын айтат:

- Эми азыр четте жан багам деп иштеп жүргөндөр көп болуп жатпайбы. Мына ушул мигранттар арасында кургак учукка кабылгандар көбөйүп жатат. Мисалы, 2010-жылы 350 мигранттан кургак учук табылса, 2011-жылы 400дөн ашып кетти, былтыр болсо 500дөн ашык кургак учукка чалдыккан жараныбыз бизге келип дарыланып жатат. Эми анын баары эле тиешелүү шарттын жоктугунан, жетиштүү тамактанбагандыктан, ал жактагы климат ным, сыз болгондуктан ушул оору жайылып жатат да. Анан бир батирде 10-20 мигрант жашайт экен. Ошонун бирөө эле ооруп калса, калгандарына жугузуп жатпайбы.

Дарыгердин айтымында, кургак учукка чалдыккан мигранттардын көпчүлүгү оору өтүшүп кеткенде кайрылып жатышат. Аларды каттоого алып, үзгүлтүксүз дарылап туруу да кыйынга турууда.

Жалпылап күрөшүү зарыл

Дарыгер Кадыров мигранттар арасында, дегеле өлкөдө көбөйүп жаткан кургак учукту алдын-алуу боюнча иштер деле жетиштүү болбой жатканын мойнуна алат:
Мектепке берели деп кароодон өткөргөн Орусиядагы кыргыз мигранттарынын балдарынан да кургак учук чыккан учурлар көп кездешип жатат...


- Негизи мамлекет тарабынан кургак учукка чалдыккандарды акысыз дары менен камсыз кылабыз. Бирок бул дарыларды учурда эл аралык уюмдар каржылап келет. Өкмөт буга каражат бөлбөйт. Ошондуктан бизде дарыны алууга байланыштуу маселе бар. Экинчиден, кургак учукту алдын-алуу боюнча канча айтпайлы, муну жалпылап жүргүзүү керек болуп жатат. Бизде жарандар оорусу өтүшүп, качан кан кусуп калмайын ооруканага кайрылбайт. Буга баарыбыз биригип иш жүргүзүүбүз керек болуп турат.

Ошол эле кезде Москвадагы “Маяк” деп аталган медициналык борбордун дарыгери Эдил Мукашев акыркы учурда кургак учук мигранттардын балдарынан да көп байкала баштаганын билдирүүдө:

- Азыр кургак учукка чалдыккандардын экинчи толкуну башталды. Орусиядагы кыргыз жарандары балдарын мектепке берели деп кароодон өтүшсө, алардан кургак учук чыккан учурлар көп кездешип жатат. Эми Орусиядагы мигранттардын баары эле кургак учук менен ооруп калды деп айтканга болбойт. Бирок көп кездешип жатканын айтуу керек.

Ар кыл маалымат булактарына караганда, ушул тушта Орусияда 500 миңден 1 миллионго чейин кыргызстандык иштеп жүрөт. Өлкөдөгү экономикалык, социалдык себептерден улам Орусияга кеткен мигранттардын агымы токтобой келет.

Саламаттыкты сактоодо кургак учук социалдык жана коркунучтуу оорулардын катарына кирет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, дүйнөдө адамзатынын үчтөн бири, же 2 миллиардга жакын адамга кургак учук жугуп калуу коркунучу бар. Ал эми 8 миллиондон ашык адам кургак учуктун жугуштуу түрү менен ооруйт жана 2 миллионго жакыны бул дарттан каза табат. Акыркы жылдары кургак учук балдар арасында да көп катталууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG