Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

АКШ алгачкы жолу сириялык оппозицияга тикелей жардам берет


АКШ алгачкы жолу Сириядагы президент Башар ал-Асадга каршы күрөшүп жаткан оппозицияга чабуулда колдонулбай турган тикелей жардам берет. Бул тууралуу Вашингтондун чечимин бүгүн Римде өтүп жаткан “Сириянын достору” деп аталган өлкөлөр тобунун жыйынында АКШнын мамкатчысы Жон Керри билдирди.

"АКШнын президенти Барак Обама Сириянын оппозициясына, анын Жогорку аскерий кеңешине тамак-аштан, дары-дармектен көмөк көрсөтүүнү кеңейтүү чечимин кабыл алды. Жардам аскерий курал-жарактарды камтыбайт", - деди мамкатчы.

Мындан сырткары, Жон Керринин айтымында, Америка Кошмо Штаттардын өкмөтү жарандык оппозицияга өзү ээлеген аймактарда жардам болсун деп кошумча 60 млн. доллар берет. Ушул күндөрү чет мамлекеттерге алгачкы сапарында жүргөн жаңы мамлекеттик катчы Керри мунун баары президент Асадга кысымды күчөтүү максатында жасалып жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG