Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

“Журналисттерди коргоо комитети” Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароого чакырды


Азимжан Аскаров Бишкектеги түрмөдө
Азимжан Аскаров Бишкектеги түрмөдө
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” эл аралык уюмунун аткаруучу директору Жоэл Саймон кечээ Кыргызстандын башкы прокурору Аида Саляновага жолдогон катында 2010-жылкы июнь окуялары үчүн айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген адам укугун коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароого чакырган.

“Азыр эми Аскаровдун күнөөсү жок экенин күбөлөндүргөн жаңы далилдер пайда болгон чакта сизди кыргыз өкмөтүнүн мыйзамдуулукту сактоого дилгирлигин даңазалап, президент Алмазбек Атамбаев жалпы коомчулук алдында берген убадасын аткарууга үндөйбүз”, - деп айтылат катта. “Президенттин убадасы” деп аталган уюм мында өткөн жылдын этегинде Атамбаев маалымат жыйынында “эгер Аскаровдун күнөөсү жоктугун айгинелеген жаңы, конкреттүү далилдер табылса, иш кайра каралат” деп айтканын көрсөткөн.

Ал эми Аскаровдун ишиндеги “жаңы далилдер” деп бул катта Аскаровдун адвокаттары укук коргоочунун коңшуларынан алышкан көрсөтмөлөр келтирилди. Алар болсо милициянын кызматкери өлтүрүлгөн учурда Аскаров окуя болгон жерде эмес, башка жерде жүргөнүн өздөрү көрүшкөнүн айтышкан.

“Аскаров өзү журналист жана адам укугун коргоочу катары жергиликтүү прокуратуранын кызматкерлеринин коррупцияга байланышкан иштерин чагылдырып келгендиктен, эми анын ишин ошол эле прокуратуранын кызматкерлери акыйкат иликтөөгө кызыкпайт”, - дейт уюмдун аткаруучу директору. Ошондуктан ал башкы прокурорду бул ишке өзгөчө көңүл буруп, иштин кайра каралышына жетишүүгө чакырды. Азырынча өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул кат боюнча комментарий бере элек. (TD)

XS
SM
MD
LG