Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Депутат Жапаровдун тарапкерлери митингге чыкты


Каракол шаарында "Ата-Журт" партиясынан шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлери бүгүн митингге чыкты. Кабарчыбыздын айтымында, чогулгандардын саны 400гө жакын киши. Алар депутаттын бошотулушун жана Кумтөр кенин элге өткөрүп берүүнү талап кылып жатат. Митинг тынч өтүүдө.

"Ата-Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолууда. Бирок депутаттар өзүлөрү бул боюнча козголгон кылмыш ишти саясый заказ деп эсептейт. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG