Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Прагада “Бир дүйнө” кинофестивалы өтүүдө


Адам укуктарына арналган документалдык фильмдердин эл аралык фестивалы быйыл он бешинчи ирет Чехиянын баш калаасында уюштурулду.

Фестиваль 4-мартта ачылды. Кыргызстандан фестивалга быйыл кинорежиссер Темир Бирназаров жана "Бир дуйно-Кыргызстан" кинофестивалынын координатору Аида Байжуманова катышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, 13-мартка чейин созулуучу фестивалда 30 өлкөдөн келген 100дөн ашуун документалдык фильм көргөзүлөт.

Бул эл аралык иш –чаранын алкагында Кыргызстанда соңку бир нече жылдан бери “Бир дүйнө-Кыргызстан” кино фестивалы уюштурулуп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG