Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Кыргызстанды сапатсыз дары-дармек бастыбы?


Кыргызстанда “Ротафарм” компаниясынын “Репретин” препаратынын айланасында ызы-чуу күч алды.

Бөйрөк оорусу жана рак дарты менен жабыркаган адамдардын саламаттыгын колдоо үчүн сайылчу бул дарынын сапаты жана тийгизген таасири боюнча күмөн саноолор тараптардын талаш-тартышына айланды. Айрым илимпоздор “репретин” анык дары катары илимий изилдөөдөн өткөн эмес дешсе, “Ротафарм” аны рыноктон сүрүп чыгарууну каалаган атаандаш компаниянын кызыкчылыгы үчүн ызы-чуу чыгып жатканын белгиледи.

Материалдын радио версиясын бул жерден уксаңыз болот




БЕЙТАПТАРДЫН ЭКИ АЧА КӨРСӨТМӨЛӨРҮ

Улуттук госпиталдын нефрология бөлүмүндө гемодиализ аппаратында жаткан алтымыш үч оорулуунун отуз бири мамлекеттин эсебинен берилүүчү “Репретин” препаратын колдонуудан баш тарткан. Алар учурда гемоглабинди көтөрүп, кан басымын өз нугунда кармап туруучу башка дарыларды өз чөнтөгүнөн сатып алууга муктаж. Бир оорулуу жылына он жолу мындай үкөл алуусу зарыл экенин эске алганда, ага жок эле дегенде он миң сомдон ашуун каражат чыгымдалат. Бул тууралуу бейтап жарандардын саламаттыкты сактоо министрлигине жазган арызында көрсөтүлгөн. Мындай чыгымды көтөрүүгө чамасы чак оорулуулар мамлекет сунуштаган “Репретин” препаратын гана колдонууга аргасыз.

Отуз эки жаштагы бейтап Рахмат Сулайманов “Репретин” препаратынын таасири боюнча буларга токтолду:

- Бул дары гемоглабинди такыр көтөрбөй жатат. Анан ошол эле кезде кан басымыбыз жогорулап кетүүдө. Мурда башка дары алып жүргөн учурубузда андай терс таасирлери байкалган эмес. Негизи мына ушул “репретин” башка дарыларга караганда 2-3 эсе арзан экен да. Анан анын арзандагынан улам эле мамлекет тендерден сатып алып, бизге окшогон оорулууларга таңуулап жатат. Анын пайдасынан зыяны көп болуп жатса, алмаштырып, башка дары сатып алыштын ордуна мамлекеттин бизге бул мамилеси өлгөндүн үстүнө көмгөндөй болуп жатат.

Ошол эле кезде кардиология институтундагы бөйрөктүн өнөкөт ооруулар бөлүмүндө дарыланган бейтаптардын айрымдары “Репретин” дарысынын терс таасирин сезишпегенин айтып чыгышты. Мурда “Рекормон” препаратын колдонуп жүрүп, бирок андан кийин “Репретинди” алуудан абалы жакшырганына басым жасагандар да бар.

Бөйрөк оорусунан жабыркаган Малик Мырзаев медициналык камсыздоо программасында сунушталган “репретиндин” жагымдуулугун белгиледи:

- Мен мисалы үчүн эки жылдан бери мына ошол “Репретинди” колдоном. Эч кандай терс таасирлерин байкаган жокмун. Керек болсо мына ошол дарыны колдонуп жүрүп, балалуу болдум. Гемоглабинди жүз кыркка чейин көтөрдү. Эч кандай кан басым жогорулаганы байкалган жок. Анан эми башка оорулуулар каяктан антип доомат койуп жатышат. Кандайдыр бир терс таасирлери болсо бизге деле сезилет эле да.

АТААНДАШТЫКТЫН "АЗУУСУБУ?"

Бейтаптар арасындагы мындай эки ача көз караш эки башка компаниянын сунуштаган дарылары боюнча калыс клиникалык изилдөөнүн болбогондугунан кабар берет дейт адистер. Улуу Британияда катталган “Ротафарм” компаниясы Кыргызстанга ташыган “репретин” препараты 2009-жылы саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармектер менен камсыздоо департаменти тарабынан каттоого алынып, медициналык колдонууга уруксат берилген.

“Репретиндин” пайда берери чоң суроо жаратат. Анткени ал биосмляр. Бул деген анык дары эмес дегенди түшүндүрөт...
Рысбек Калиев


“Репретин” дарысы Египеттин “Седико” фармацевтикалык заводу тарабынан “Ротафармдын” буюртмасы менен чыгарылган. 2011-жылы “Ротафарм” компаниясы дары-дармектерди мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлердин көпчүлүгүн утуп алууга жетишкен. Анткени ал сунуштаган аталган препараттын баасы башкаларга салыштырмалуу эки эсе арзанга түшкөн. Ага чейин тендерлерде утуп келген түбү индиялык “Хофманн Ля Рош” компаниясынын “рекормон” дарысынын бир даанасы миң сомго барабар болчу.

Жаңы препаратты алуу учурунда өздөрүн башкача сезишкен бейтаптардын айрымдары “репретиндин” медициналык таасири боюнча арызданышкан. Анын негизинде саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандын нефрологдор илимий коомуна салыштырмалуу изилдөө жүргүзүүнү табыштаган.

Медицина илимдеринин доктору, аталган коомдун төрагасы, профессор Рысбек Калиев “Репретин” препараты анык дары эмес деген бүтүм чыгарган:

- “Репретиндин” пайда берери чоң суроо жаратат. Анткени ал биосмляр. Бул деген анык дары эмес дегенди түшүндүрөт. Ал препарат башка дарыларга окшоп эл аралык беделдүү медициналык мекемелерден клиникалык сыноодон өткөн эмес. Аны дагы изилдеп чыгыш керек. Негизи күмөндүү жагдайлары көп. Мына ошондуктан биз аталган препаратты колдонуу коопсуз деген кепилдик бере албайбыз. Бул боюнча салыштырмалуу изилдөө жүргүзүп бергиле деп саламаттыкты сактоо министрлиги тапшырма берип койуп, азыркы учурда өздөрү анын жыйынтыгын кабыл албай жатат. Ушул жагы бизге да түшүнүксүз болууда.

Бирок мындай бүтүмгө “Ротафарм” компаниясынын жетекчилиги макул эмес. Компаниянын өкүлү Фуад Рафаилов “репретин” препараты тууралуу жалган маалыматтар тарап жатканын айтып, маалымат жыйынын өткөргөн. Анда ал аталган дары дүйнөнүн сегиз өлкөсүндө клиникалык сыноодон өтүп, медициналык колдонууга киргизилгенин белгилеген болчу.

Ошондой эле Фуад Рафаилов аталган дарынын касиети тууралуу маалыматтар атаандаш компаниянын кызыкчылыгы үчүн атайын таратылып жаткандыктан бул маселе боюнча сотко кайрыла тургандыктарын жарыялаган. Аталган компаниянын жергиликтүү өкүлчүлүгү айтылган препараттын аныктыгын далилдөөчү документтерди көрсөтүүдөн баш тартты.

Бирок Кыргызстандын дары-дармектер менен камсыздоо департаменттинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Замир Акаев “Репретиндин” каттоо жана сертификациялоо учурунда анын адамдын саламаттыгына тийгизген терс таасирлери аныкталбаганына токтолду:

- Биз бул дарынын терс таасирлери башка өлкөлөрдө аныкталганбы деген иликтөө жүргүзгөнбүз. Мисалы Белорусиядан келген маалымат боюнча ал жакта эч кандай терс таасирлери табылбагандыгы аныкталды. Ал жакта бул дары бизден мурун каттоодон өткөн. Ошондой эле ал жактагы дары-дармектерди көзөмөлдөө органдары биздикине караганда күчтүү. Биздин изилдөө боюнча, мына айтылып жаткан эки дарынын таасири жана пайдасы бирдей эле. Эч кандай деле айырмачылык жок.

ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК "СОГУШ"

Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчалары аркылуу жакында Чүй облустук ооруканасында гемодиализ аппаратында жаткан отуз адамдын алтоо күтүүсүз каза болгонун жарыялады. Айтматова буга аталган препараттын тийгизген таасири канчалык экени иликтене турганын убада кылган.

Бирок Чүй облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Нуралы Матаипов оорулуулардын арасынан каза тапкан фактыларды тастыктап, бирок аны аталган дарыны колдонуу менен байланыштырууга болбойт деп билдирди:

- Ал адамдар өзүнүн оорусунан эле кайтыш болду. Негизи бөйрөгү ооруган адамдардын көпчүлүгү кант диабети менен дагы оорушат. Анан алар диализ алып жатканына карабай, оорусу күчөп кеткендиктен эле каза болушту. Алардын экөө реанимацияда, калганы үйлөрүндө жүргөндө эле кайтыш болушкан. Буга жанагы дарынын эч кандай тиешеси жок.

“Репретин” дарысы жасалма катары күмөн туудуруп жатат. Биз адамдын саламаттыгына таасир эте турган дарынын сапатынан күмөн санаганга акыбыз болушу керекпи?..
Бурул Макенбаева


Бөйрөктүн иштебей калышынан жабыркап, гемодиализде жатып, канын жасалма жол менен тазалатууга муктаж жүздөгөн бейтаптар дары-дармектердин жардамынан жан аргасын издешет. Оорулуулардын кан басымын жөнгө салуучу жана гемоглабинди көтөрүүчү кымбат баалуу дары-дармектерге болгон өлкөнүн керектөөсү жылына 40-45 миң дозага барабар. Анын бир даанасы 400 сомдон 1000 сомго чейин. Ошондо жалпысынан мына ушундай багыттагы препараттардын алды-саттысында эле 400 миллион сомдун тегерегинде акча айланат. Анын кайсы бир бөлүгү мамлекеттик казынанын эсебинен сатылып алынат.

Дары-дармектер менен камсыздоо департаменттинин маалымат бөлүмүнүн өкүлү Замир Акаев мындай жагдайда фармацевтикалык компаниялар коммерциялык кызыкчылык үчүн түрдүү жолдорду колдонуп жатканын айтты:

- Азыркы учурда көптөгөн фирмалар мына ошол агрессивдүү маркетинг усулун колдонуп, дарыларын өткөрүп жатышат. Дарыгерлерди колго алып, алар мына ошол кымбат дарыларды жазып беришет. Кымбаттыгынын бир себеби - жанагы дарыгерлерге төлөнчү бонустар дагы мына ошонун эсебинен кетет да. Бирок аны далилдеп чыгуу аябай татаал. Анткени дарыгерлердин айлыгы аз болгондуктан мына ошондой сунуштарга барууга мажбур болгон учурлары да бар. Фирма менен дарыгердин ортосундагы мындай мамилени аныктап чыгуу кыйын иш.

Фармацевтикалык компаниялар болушунча көп дары-дармегин өткөзүш үчүн дарыгерлерди акчалай жана материалдык кызыкчылыктар менен азгырган усулдар күчөгөн. Алардын сунуштаган дарылары изилдөөдөн кандайча өткөндүгү жана анын натыйжалуулугу боюнча маселе экинчи орунда калган.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзам бузуулардын бетин ачып келген укук коргоочу Бурул Макенбаева “Ротафарм” компаниясынын иштөө усулдары гана эмес, алардын дары-дармектерин каттоого алууда күмөндүү жагдайлар бар экенине токтолду:

- Бул “Репретин” дарысы жасалма катары күмөн туудуруп жатат. Биз адамдын саламаттыгына таасир эте турган дарынын сапатынан күмөн санаганга акыбыз болушу керекпи? Ал компания болос атаандаш компанияга иштеп жатасыңар деп бизди айыптаганга өттү. Ошондуктан ал дарынын колдонулушун токтотуп, терең иликтөө жүргүзүү керек. Болбосо эмне биздин жарандар каардуу фармацевтикадан жапа чегип жашай бериш керекпи?

Бул маселе өткөн жумада Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби комитетинде каралып, саламаттыкты сактоо министрлиги ал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзсүн деген чечим кабыл алынды. Ошол эле кезде башкы прокуратура жана өкмөттүн алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өз алдыларынча фармацевтика тармагындагы мындай абалды иликтөөгө киришти.

Жакында Британиядагы “Гардиан” гезити да эл аралык “Ротафарм” компаниясы Кыргызстанды сапатсыз дары-дармек менен камсыздаган деп айыпталып жатканы боюнча макала жарыялаган эле.
XS
SM
MD
LG