Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Ошту дагы айың кеп аралады


Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири, 1-июнь, 2011.
Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири, 1-июнь, 2011.

Ош шаарында өзбек тектүү жарандар коркутууларга кабылып жатканы тууралуу айың кепти милиция жокко чыгарды.

“Ошто өзбектерге карата кодулоолор уланууда” деп аталган кат февраль айынын аягында, марттын башында Washington Post, New York Times, Assotiated press жана “Российская газета”, “Аргументы и факты”, “Комсомольская правда” сыяктуу дүйнөнүн 50дөн ашык белдүү массалык маалымат каражаттарына жөнөтүлгөн. Катта Оштогу өзбектер маалелерге кирген белгисиз бирөөлөр жана укук коргоо органдары тарабынан ар кандай коркутууларга дуушар болуп жатканы белгиленген. Ошондой эле анда март айында шаарда кайрадан улут аралык башаламандык чыгаары тууралуу жазылган.

“Ошто өзбек улутундагыларды коркутуу дагы деле улантылууда” деген маалыматты укук коргоо органдары жокко чыгарды. Ал эмес ушундай билдирүүнү таркаткан автордун өзү да жок адам экендигин милиция тастыктоодо.

Ош областтык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев интернетке жарыяланган билдирүүдөгү фактылардын бири да тастыкталбаганын айтат:

- Өзүн Эрнис Шеримкулов деп атаган жаран Ош шаарында дале болсо аз сандагы улут өкүлдөрүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү уланып жатат деп жазып чыккан. Тагыраак айтканда, ал 2013-жылдын 23-февралынан 24-февралына караган түнү кыргыз улутундагы жаштар ошо аз улут өкүлдөрү жашаган кварталдарды кыдырып, үйлөрүнө кирип, тепкилеп “бул жерден көчүп кеткиле, мүлкүңөрдү бизге өткөзгүлө, болбосо 2010-жылдагы окуя дагы кайталанат, ошондо бүтүрө албай калган иштерди эми мына март айында бүтүрөбүз”, - деп коркутту деп маалымат таркаткан. Бул маалыматтардын баары жалган, таптакыр чындыкка коошпойт. Эч кандай мындай фактылар катталган эмес. Ошол күндөрү милиция майрамга карата толук тартипте иштеп жаткан, эч кандай одоно мыйзам бузуулар катталган эмес.

Ашырбаев мындай маалыматты тараткан Эрнис Шеримкулов деген адам жок болуп чыкканын жана ушундай маанайдагы коркутуулар болду деп расмий арыз менен кайрылгандар болбогонун белгилеп, милиция бул ишти кайсы бир күчтөрдүн кара пиары катары баалап жатканын кошумчалады:

- Ар дайым кандайдыр бир саясий акциялар күчөгөн маалда ушуга окшогон туура эмес маалыматтар чыга баштайт. Мына былтыркы жылы да июнь окуясынын 2 жылдыгы жакындаган мезгилде ар кандай ушактар тараган эле. Биздин оюбузча, бул - чет өлкөдө туруп алып, Кыргызстанда, анын ичинде Ошто абалдын турукташуусун каалабаган күчтөрдүн чыгарган кара пиары.

Ал эми Оштогу өзбек тектүү укук коргоочу Равшан Гапиров болсо соңку билдирүүнү бийлик, же күч органдары өздөрү тараткан деген пикирде:

- Бул сөздү, бул билдирүүнү укук коргоо органдары өздөрү атайын таратты деп ойлойм. Ушундай нерселерди айтып, өзбектерди коркутуп коюп, анан кармаганда, оңой эле өздөрү дароо акча берип коёт деген максатты көздөп атышат. Фамилияны ойлоп табышты дагы, жок адамдын атынан жазып жарыялап коюшту.

Укук коргоочу азыр карапайым эл арасында ынтымак бекемдигин да кошумчалады:

- Биз баарыбыз достой эле жашап атабыз. Эл бири-биринен коркуп жаткан жок. Мен деле эл аралап жүрөм. Бирок “өзбектер чыгып кеткиле” деп кыйкыргандар жөнүндө укканым жок.

Ошол эле кезде улут аралык маселелердин кайрадан козголо башташын жазгы саясий маанай менен байланыштыргандар да бар. Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев да ушундай пикирде:

- Мындай сөздөр эмне үчүн күздө, кышта айтылбайт дагы ушул жазга келип чыгып жатат? Башталганда да түз эле дүйнөлүк коомчулукка жарыяланып жатат. Бул ойлоно турган маселе. Аймакта ансыз деле жаз утурлай терроризм, экстремизм, саясий оюн деген коркунучтар бар экени жашыруун эмес. Бул сөздөр азыр Ошто, Жалал-Абадда болуп жаткан митингдер менен да шайкеш келип атканы да бул жерде кайсы бир топтордун кызыкчылыгы тургандыгын айгинелеп турат. Тиги маалыматтарды таркатуунун артында үч күчтүн бирөөсү турат. Алар бийликке кандай жол менен болбосун келүүгө аракет кылган күчтөр, же экстремисттик, сепаратисттик топтор жана өлкөдөн сырткары турган, же Кыргызстандын саясатына киришүүнү каалаган өлкөлөр тарабынан уюшулушу мүмкүн.

Буга чейин маалымдалгандай, аймакта ар жыл сайын жаз утурлай ар кандай каңшаар кеп, ушактар таркай баштайт. Бирок күч органдары анын дээрлик көбү жалган болуп чыгып жатканын белгилеп келет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG