Баку: "Аскерлердин өлүмү болбосун!"
Бакунун борборуна жүздөгөн демонстранттар Азербайжанда армиядагы жоокерлердин зордук-зомбулукка кабылып жатканына каршылык билдирип чыкты. Полиция чогулгандарды желим октор менен атып, көздөн жаш чыгарган газ колдонуп, суу бүрктү. “Азаттыктын” азери кызматы ондогон демонстранттар кармалганын билдирет.