Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Камбар-Ата-2 чыгарган энергия 1 млрд. кВт/саатка жетүүдө


Бүгүн түштөн кийин Камбар-Ата-2 ГЭСи ишке киришкенден бери чыгарган электр энергиясынын көлөмү 1 миллиард киловатт/саатка жетет. Энергетика жана өнөр-жай министри Автандил Калманбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ГЭСтен иштелип чыккан энергия жалпы энергетикалык шакекчеге кошулууда. Салыштырып айтканда, 1 миллиард кВт/саат электр энергиясы Кыргызстандагы эки кичине облусту камсыз кылууга жетет.

Камбар-Ата-2 ГЭСи 2010-жылдын күз айларында ишке киришкен. Министр Калманбетов бул ГЭС толук мүмкүнчүлүгүн колдоно электигин, Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, ГЭСтин кубаттуулугу мындан да артаарын белгиледи.

Кыргызстандын электр энергиясын жылдык керектөөсү 12-13 миллиард кВт/саатты түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG