Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Жерүйдү сатуу боюнча сынактын жобосун өкмөт изилдеп жатат


Таластагы Жерүй кени боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия бул кенди сатуу үчүн сынакты уюштуруунун жана сатыкка коюнун шарттарын аныктаган жобону даярдады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров билдирди. Анын айтымында, учурда бул жобо өкмөттүн кароосуна жиберилди. Өкмөт аны изилдеп чыгып, бекиткен соң сынак өткөрүлмөкчү. Мындан улам комиссия мүчөлөрү сынак март айынын этегинде, апрель айынын башында өткөрүлөт болжолдоп жатканын Эшназаров кошумчалады.

Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Буга компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы негиз болгон.

Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Кендин айланасындагы айыл жашоочулары Кумтөр кенинин маселеси чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө каршы болуп келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG