Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

ИИМ Академиясы кимдерди тарбиялоодо?


Мыйзам сакчыларынын билим бешиги саналган ИИМ Академиясында катталган чуулуу окуялар окутуу-тарбиялоо базасындагы өксүктөрдү айкындап жатабы?

“Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусу аркылуу милиция элитасын даярдоочу окуу жайдын айланасында эмне үчүн чуу басылбайт, окуу жайдын кендирин паракорчулук кесип жатабы, аны кантип реформалоо керек деген өндүү суроолорго коноктор жана радио угуучулар менен чогуу жооп издеп көрдү.

Талкууга ИИМ Башкармалыгынын Маалымат саясаты жана өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Шамшыбек Мамыров жана Академияны кошумча машыгуу борборуна айландыруу демилгесин көтөргөн жаштар кыймылынын “Реформа жана анын жыйынтыгы үчүн” биримдигинин мүчөсү Урмат Казакбаев катышты.

“Азаттык”: Коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы ИИМ Академиясынын башчысын жана орун басарын пара алды деген шек менен 13-мартта кармап, камакка алды. Ушул эле күнү 5-курстун курсанты Ноокат районунда өз жанын кыйды. Албетте Академия жетекчилигинин камакка алынышына баа берүү биздин максат эмес. Биздин максат мыйзам сакчыларынын билим бешиги саналган Академияда катталып келаткан мыйзамсыз окуялардан улам пайда болгон суроолорго жооп издөө жана окуу жайды реформалоонун оош-кыйыштарын талкуулоо.

Талкууну бул жерден угуңуз:



Шамшыбек мырза, албетте, бул суроону түздөн-түз академиянын жетекчилигине берсек болмок. Бирок белгилүү себептерге байланыштуу ИИМдин жооптуу кызматкери катары сизге берүүгө туура келип жатат, Академия бүгүн Кыргызстандагы милициянын мыктыларын кайсы эрежелерге таянып окутат, тарбиялайт?

Шамшыбек Мамыров: Эми, албетте, жетекчиси менен орун басарына жанагыдай күнөө коюлуп, кармалышы өтө өкүнүчтүү нерсе. Бетке айткандын заары жок дейт, бул 22 жылдан бери биздин өлкөдө орун алган көйгөй деп айтсак болот.

Ал эми курсант боюнча айтып коеюн, азыр 5-курстун курсанттары жер-жерлерде практикадан өтүп атышат. Ал Ноокат райондук ички иштер бөлүмү аркылуу келген. Ошого жараша Ноокатта өтүп аткан. Анын үй-бүлөсүндө кандайдыр бир маселе бар экен, ошону менен өзүнүн үйүндө жанын кыйган экен. Азыр кызматтык ыкчам иликтөө жүрүп жатат. Окуу процессине тиешеси жок.

Ал эми Академия боюнча өткөн жумада азыркы министрибиз Суранчиевдин алдында аппараттык кеңешме болуп, жарандык коомдун талабын эске алып, өзүбүздө толук кандуу кесипкөйдү даярдоо максатындагы концепцияга өтө чоң сын-пикирлер айтылган. Аны тактап, толуктоо боюнча убакыт берилди.

Анда эң биринчи максат адам укугун коргогон, элдин шериктеши болгон толук кандуу кызматкерди даярдоо. Мына бүгүн вице-премьер-министр Шамил Атаханов да “Акипресске” маек куруп, эмки жумада Ички иштер органдарын өнүктүрүүнүн реформасы каралат деп айтты. Анан акыркы убакта болуп жаткан окуялардын бардыгынан кийин Академияда окутуу базасы боюнча чечкиндүү иш чара керек экендигин турмуш көрсөттү.

Урмат Казакбаев: Албетте альтернативдүү реформалоо демилгебиз күчүндө. Курсанттар зөөкүр, бейбаш катары да кабылданып жатат. Былтыр эле "Монте-Карло" ресторанында бири-бири менен болгон мушташты билебиз. Ага чейин аянтта жол тороп, “лезгинка” бийин бийлегенин да билебиз. Ооба, мындай көрүнүштөр көп болуп жатат.

Биз альтернативдүү идеяларды сунуштаардын алдында академияны бүткөн досторубуздан да, бейтааныш милициялардан да “инимди ИИМдин Академиясына өткөрөйүн деп атам, кандай деп ойлойсуз?” деп сураганда “акчаңды бекер коротосуң, андан көрө жарандык эле юридикалык окуу жайды бүтсүн, кийин ошол эле акча менен милицияга кирип кетет” деген жооп болгон. Бул бир эле факт эмес. Албетте так маалымат, далил жок, бирок сураштырсак баары бир Академияга тапшыруу үчүн акча каражат керек экен. Бул элдин айткан сөзү.

"Азаттык": Академиядагы паракорчулукка кандай жагдайлар түрткү болуп жатат? Бул суроого талкуу башталаар алдында мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев жооп берген:

“5-6 миң айлыкка эч ким мугалим болуп барбайт. Баргандар кичине пара алып жан сактайын дешет. Орустарда “остаточный принцип” деген бар. Мугалим болуп, ИИМде, тергөөчүлүк кызматтарда иштей албай, куулгандар барышат, албетте, баары эмес. Ошондой же кыргыз, же орус тилин билбегендердин тарбиясынан чыккандарды көрүп атпайсыңарбы, мушташып, бири-бирин "кырып" атышпайбы.

“Братан”, “Наша группа” деген ошояктан чыгып атпайбы. Мындай болбойт да.
Реформа керек, реформа дегенде эле баса калуу эмес. Атын алмаштыруудан заты чыкпайт. Мыкты мугалимдерди алып, айлыгын көбөйтүп, 40 курсант болсо да мыкты окутуу керек".
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG