Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Орусия асыранды баланын өлүмү боюнча чечимди сынга алды


Орусияда өкмөттүк өкүлдөр АКШда каза тапкан орус баланын өлүмү боюнча чечимди сынга алышты. Орусиянын балдардын укуктары боюнча комиссары Павел Астахов Техас штатында Орусиядан асырап алынган баланын өлүмү боюнча тергөөнүн жабылышын сынга алды.

Техастын бийликтери кечээ үч жаштагы Максим Кузминдин өлүмү боюнча аны багып алган Лаура, Алан Шаттого каршы кылмыш ишин козгобой тургандыгын маалымдаган. Тергөөчүлөр АКШда Мак Шатто деген ысым алган баланын "өлүмүндө кылмыш болгон эмес" деген бүтүмгө келишкен. Жубайлардын адвокаты Майкл Браун да ушул эле пикирин билдирди:

Биз албетте тергөөнүн токтотулушуна абдан кубандык. Ошол эле убакта бул бизди таң калтырган жок. Мен эч качан Лаура Шатто кандайдыр бир кылмышка жол берген деп ойлогон эмесмин.

Эки ай мурда техастык тергөөчү "бала өзү кокустан алган жараатынан чарчап калгандыгын" билдирген. Астахов өзүнүн Твиттер сайтында бүгүн «Техас прокурорлорунун чечими буга чейин берилген маалыматтарга кайчы келет» деп жазды. Астахов бул ишти АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл МакФол менен талкуулоо ниетин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG