Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Жалал-Абад: түрмөдө отурган жаштар иш сурашты


Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова түрмөдө жазасын өтөп жаткандар менен бүгүн баарлашып чыкты. Алар өздөрүнүн төрт талабын бийликке жеткирүүнү өкүлдөн өтүнүшкөн. Жалал-Абад түрмөсүндө отургандардын көбү жаштар болгондуктан аларды жумуш менен камсыз кылууну, сот, прокуратура, милиция уюмдарында реформа жүргүзүүнү, жабык мекеме болуп саналган түрмө кызматкерлеринин маяналарын көбөйтүүнү суранышкан. Жеңил жаза менен абакта жаткандар үчүн көптөн бери мунапыс жарыяланбай жаткандыгына даттанышкан. Өкүл Алима Аманова бул талаптарды акыйкатчы аркылуу тиешелүү бийликтерге жеткирээрин бүгүн кабарлады. (YA)

XS
SM
MD
LG