Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Аксыда чек арачынын ысымы көчөгө берилди


Былтыр кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги атышууда каза болгон кенже сержант Кадырбек Абдрасул уулунун ысымы өзү туулуп өскөн Аксы районундагы Улук айылынын бир көчөсүнө берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан «Азаттыкка» билдиришти.

2012-жылдын 17-июлунда Ала-Бука районунун Булак-Башы айылындагы чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачылары ортосунда атышуу чыгып, анда Кыргызстандын чек арачысы набыт болуп, бир жергиликтүү тургун жараат алган. (YA/KKs)

XS
SM
MD
LG