Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Орусия Корей жарым аралындагы кырдаал боюнча эскертүү жасады


Сергей Лавров
Сергей Лавров
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Корея кризисин “түрдүү аскерий маневрлар менен курчутпоону” эскертти. Ошол эле маалда ал соңку күндөрдөгү кырдаал боюнча Москва менен Вашингтондун позициясы бирдей экенин белгиледи. Бүгүн Лондондо Лавров АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушууда айткандай: “Эч ким башка бирөөнү аскерий маневр, операциялары менен коркутпашы керек”. Орус министри мындан сырткары, абалды тынчытууга дале мүмкүнчүлүк бар деп билээрин айтты. Лавров менен Керри “Чоң сегиздиктин” министрлеринин жолугушуусунун алдынан сүйлөшкөн.

Бүгүн эртең менен “Пхеньянда жаңы ракета сыналганы жатыптыр” деген кабардан кийин Түштүк Корея менен АКШ аскерлерин чабуулга даярдыкка келтиришкенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG