Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

ЖККУ чек ара коопсуздугун талкуулайт


15-16-апрелде Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун туруктуу кеңешинин көчмө жыйыны өтөт. Анда уюмдун аскердик түзүмүн өнүктүрүү жана бул уюмга кирген өлкөлөрдүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселеси талкууланат. Жыйын Кант шаарындагы авиабазада жана Кой-Таш айылындагы Кыргызстандын аскердик бөлүгүндө болот. Жыйынга ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа, ЖККУнун бириккен штаб башчысы Александр Студеникин, Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиев, вице-премьер-министр Шамил Атаханов, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда. Аскердик-саясий бул уюм 1992-жылы түзүлүп, жамааттык коопсуздук боюнча келишимге кол коюлган. Ага учурда Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Беларус мүчө. (AKu)

XS
SM
MD
LG