Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Ооган иликтөөчүлөрү: НАТО соккусунан 17 жайкын тургун өлгөн


Бул тууралуу Кунар провинциясындагы инцидентти иликтеген топ менен кечээги сүйлөшүүдөн кийин президент Хамид Карзай билдирди. Ал окуяда мурдараак жайкын тургундардан 11 адам өлгөн деп кабарланган болчу. Президенттин айтымында, набыт болгондордун 12си – жаш балдар менен аялдар. Карзай окуя үчүн “карапайым элди тосмо катары колдонгон” талибдерди айыптап, ошол эле маалда “каерде, кандай жагдайда, кандай максатта болбосун, аба соккуларынан жайкын тургундар жабыркашын такыр кабыл ала албай” турганын билдирди. АКШнын бул окуя боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгы азырынча аяктай элек.

XS
SM
MD
LG