Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

АКШ жана Орусия президенттери июнда жолугат


Орусия жана АКШ президенттери июнда Түндүк Ирландияга "Чоң Сегиздин" саммитине барганда жолугуушу өткөрүүнү пландаштырууда. Эки тараптуу сүйлөшүүдө сентябрда Санкт-Петербургда өтчү "Чоң Жыйырманын" жогорку даражадагы жолугушуусунун деталдары талкууланмакчы. Мындай макулдашууга бүгүн Москвада АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Томас Донилон менен Орусиянын президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана бар катар расмий адамдардын кездешүүсүндө жетишилди. Ак Үйдүн ырастоосунда, Донилондун Москва сүйлөшүүлөрү “өз ара түшүнүү жана конструктивдүү маанайда” өттү. Лавров Вашингтондун өкүлү менен эки тараптуу мамилелер, анын ичинде “Магнитский тизмесин” сөз кылышканын билдирди.

Өткөн жума күнү АКШ абакта көз жумган адвокат Магнитскийдин өлүмүнө жана адам укуктары бузулган башка фактыларга тиешеси бар орусиялык расмий адамдарга виза бербөө, эсептерин убактылуу жабуу чечимин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG