Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

«Болотнаячылардын» соту жакындап калды


Орусия -- "Болотная" аянтындагы оппозиция жыйыны. Москва, 6-май, 2012.
Орусия -- "Болотная" аянтындагы оппозиция жыйыны. Москва, 6-май, 2012.

Орусияда тергөөчүлөр өкмөткө каршы былтыркы «массалык толкундоого» катышкан деп айыпталган 20дан ашык кишинин ишин иликтеп бүтүп калгандыгын бышыкташты. Демонстрация өткөн аянттын атынан улам «Болотная» деген атка конгон бул иш орус бийликтерине каяша айткандарды кысымга алуунун уланып жатышынын символуна айланды.

Сүрөттө каска кийген полициячы жаш кызды кокодон алып, тосмолонгон көчөдөн сүйрөп баратканын көрөбүз. Кыска этек көйнөкчөн кыз дем ала албай чабалактап жатканын калканч кармаган ондогон тартип коргоочу карап турат. Бул сүрөт Москвада былтыр май айындагы уруксат берилген демонстрациядан тартылган.

Азыр көпчүлүккө кеңири таанымал болуп калган бул сүрөттөгү 19 жаштагы Александра Духанина үйүнө алты саны аман жеткен. Бирок үч аптадан кийин демонстрациянын мезгилинде полицияны таш менен урган деп камакка алынган.

Ошондон бери Александра үй камагында, үйүнө киши келе албайт, интернетти колдоно албайт, телефон чала албайт, эч кимге кат да жаза албайт. Эгер күнөөлүү деп табылса, 13 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

6-майдагы "Болотная" аянтындагы демонстрацияда анын катышуучулары полиция менен кагылышып, жүздөгөн киши камакка алынган эле. Духанина менен катар, бардыгы болуп 22 кишиге азыр «массалык тополоңго катышкан» деген айып коюлууда.

«Болотная» президент Владимир Путин бийликте турган 13 жылдагы ага каршы эң ири нааразылык акциясын Кремлдин күч колдонуп, кууп таркатышынын символуна айланды. Ошол эле мезгилде бүт өлкө боюнча жарандык уюмдарга куугунтук улам күч алууда.

Николай Петров саясий баяндамачы. Анын пикринде, «болотнойчулардын» соту 6-майда башталган жарандык коомго жана бейөкмөт уюмдарга каршы куугунтуктун туу чокусу болуп калмакчы. Ал бийликтер менен жарандык коомдун активдүү катмарынын мындан аркы алакасы мына ушул сот ишиндеги бийликтердин турумуна жараша болмокчу.

Айыпталган 22 кишиден 15и камак жайында, төртөө үй камагында кала берүүдө. Бирөөсү өзүн психиатриалык ооруканага жаткыруу аракети менен күрөшүүдө. Экинчисине эл аралык издөө жарыяланган.

Буга чейин соттолгон биринчи демонстрант Максим Лузянин тергөөчүлөр менен кызматташып, күнөөсүн мойнуна алгандан кийин төрт жарым жылга эркинен ажыратылды. Мындай катаал өкүмдөн улам калгандары мындан да узак мөөнөттөргө соттолот деген божомол айтылууда.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, тергөө иштери соңуна чыгып калды, буга караганда кийинки сот иштери алдыдагы жумаларда башталышы керек. Алар менен кошо Болотная ишинин масштабы да өсөт, себеби азыр 6-май боюнча дагы 70тей киши изделүүдө.

Декабрь айында бул иш эки шериги менен бийликти кулатууну пландаган деп айыпталган оппозиция лидери Сергей Удальцовдун иши менен бириктирилген эле.

Бийликтердин ырастоосунда, бул төңкөрүш аракетин грузиялык саясатчы Гиви Таргамадзе каржылаган жана "Болотнаядагы" окуя ошол пландын бир бөлүгү болгон.

«Болотнай» иши жакындаган сайын, айыпталуучуларды бошотуу аракеттери да күч алууда. «Бир күн – бир ысым» деген аталыштагы өнөктүктүн чегинде белгилүү жазуучу Владимир Войнович жакында интернетте коюлган видео тасмасында Александра Духанинаны коргоп чыкты:

– Мен түшүнгөндөн ал кыздын полицияга кол салгандыгына кимдин ким экени көрүнбөгөн бүдөмүк сүрөттөн башка далил жок. Александра таш менен урду деген тартип коргоочудан сурашса, «мага эч кандай залака келтирилген жок» деп айтыптыр. Танктын ичинде отургандай зоот форма кийген полицияга бул кыз кандай зыян кыла алмак эле?!

Өз алдынча тергөө жүргүзүп, айыпталуучуларды коргоо үчүн түзүлгөн 6-май комитети кагылыштар үчүн күнөөнү полициянын өзүнө коюуда. Көп сандаган күбөлөр менен катар Кремлдик адам укуктары комиссиясы да кагылыштарга тартип коргоочулар өздөрү шыкакчы болгон деп айтып келишет.



Бул видеодогу Турана Варжабетянды полиция союл менен башка койгондон мээси чайкалганын дарыгерлер тастыкташкан, бирок бийликтер пенсиядагы бул жарандын арызын кароодон баш тарткан. Полициянын ашкере зордукчулдугун далилдеген мындай видеолор жер жайнап чыкты, бирок бийликтер демонстрацияда бир гана полициячылардын денесине залал келди деп ырастап келатат. Андай тартип коргоочулардын айрымдарына алтургай бекер батирлер берилген.

Айтор "Болотная" боюнча соттор көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурганы калды жана соттолуп жаткан 22 кишинин арасынан кимдир бирөөсү акталаарында эч кандай үмүт жок. Бул шартта баяндамачылар болотнойчулардын жазаланышы Кремлдин оппоненттеринин жүрөк үшүн алып, тынчытпастан, тескерисинче жаңы нааразылык толкунуна түрткү болоорун эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG