Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Орусия: саясий репрессия тирилдиби?


30-октябрда Москвада жана Санкт-Петербугда өлкөдөгү саясий туткундарды коргогон митингдер өттү.

30-октябрь Орусияда - Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү. Бул күнү совет заманында бийлик уюштурган саясий куугунтуктоолордун курмандыктары расмий эскерилет.

Жарандардын укуктарын коргоочу “Мемориал” коому 30-октябрдагы атайын билдирүүсүндө Орусияда 1920-30-жылдардагыдай бийликке сын пикирин жашырбай айткан адамдарга же оппозицияга каршы кур жерден саясий айыптоолорду ойлоп табуу кеңири жайыла баштагынына көңүл бурду. Ошондой эле “чет элдик агент” деп жалаа жабуу, адамдарды уурдоо да кеңири колдонула баштаганы белгиленет.

“Мемориал” уюмунун төрагасы Александр Черкасовдун “Азаттыкка” айтышынча, 6-октябрдагы Болотная майданындагы нааразылык акциясынын уюштуруучулары, Pussy Riot тобунун мүчөлөрү, “Анатомия протеста” тасмасына байланыштуу соттор эл ичинде “сталиндик репрессия кайра тирилди” деген өңдүү кеп-сөздөрдү жараткан.

- Азыр 1937-жыл кайра келди деген сөздөр көп айтылууда. Бул, албетте, шарттуу салыштыруу. Бирок адамдарды уурдап, колдоруна зоолу чынжыр тагып, мыйзамсыз жайда кармап, туугандарын өлтүрөбүз деп коркутуп жатканда бул окуяларга көңүл бурулат. Себеби бул ар кимдин башына түшүшү ыктымал.

Москванын Болотная майданында 6-октябрда болгон нааразылыкка чыгууну уюштурган “Солчул фронттун” ана башы Сергей Удальцов массалык тополоң уюштурду деп күнөөлөнүп, 10 жылга чейин соттолгону турат. Бул акция боюнча бардыгы 18 адам тергелүүдө. Pussy Riot тобунун үч мүчөсү чиркөөдө президент Владимир Путинге каршы ырдагандары үчүн “бейбаштык жасады” деп айыпталып, 2 жылга эркинен ажыратылган.

Москвадагы Адам укугу институтунун директору Валентин Гефтер Орусияда саясый жүйө менен айыпталып, иши тергелип жаткан, же эркинен ажыратылган адамдар ондоп саналарын “Азаттыкка” айтты:

- Бул фактыны көптөгөн адамдар, атүгүл азыркы режимди катуу сындабагандар да мойнуна алат. Бул адамдардын иши тез кайра каралыш керек. Мисалы, физик Валентин Данилов негизсиз жерден мамлекеттик сырды ачыкка чыгарды, чет өлкөгө технологиялык маалымат берди деп, он жылга кесилген. Таисия Осипова маңзаттарын таркатты деген куру доомат менен 10 жылга кесилип кетти. Ходорковский-Лебедевдин экинчи сот жараянычы... Биз адилетсиз соттолду, сотто жаңылыштык кетирилген деп, мурдагы президент Дмитрий Медведевге 30дан ашык адамдын ысмын бергенбиз. Ошентип соттор жана тергөө органдары кызматтык жободон жогору турган укуктук принциптерди жана нормаларды кармашпайт.

30-октябрда Санкт-Петербургда репрессиядан өлгөндөр шаардын бир нече жеринде, анын ичинде Левашов ээн жайында эскерилди. 1989-жылга чейин жабык болгон бул жайда 1937-53 жылдары 45 миң адам атылган. Бирок митинг катышуучулары саясий айыпкерлер атылып көмүлгөн Койран-Конгас токоюна койо берилген жок.

Ал эми Москванын Бутово полигонунда 1930-50-жылдардагы “Чоң террор” кезинде атылган адамдардын кыска тизмеси окулду. Ал жерде атылган 20 миңдей адамдын ысмын окуганга кеминде 10 саат кетмек.

Расмий маалыматтар боюнча, Сталин доорунда 12, 5 миллион адам саясий айыптоо менен жок кылынган. Ал эми Кыргызстанда 40 миң киши репрессияга тартылган. Алардын 8 миңи атылган. Кыргызстанда “эл душманы” деген жалаа менен 1937-жылы атылгандардын бир тобу Бишкектин үстүндөгү “Ата-Бейитте” жатышат.

XS
SM
MD
LG