Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Ноокат окуясы жана кыйноо курмандыктары


Ноокат окуясы боюнча сот жүрүп жаткан учур. 14-май, 2009-жыл
Ноокат окуясы боюнча сот жүрүп жаткан учур. 14-май, 2009-жыл

Бишкекте бүгүн өлкөдө экстремизмге шектелип камалгандар кыйноолорго кабылганы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Анда 2008-жылы 1-октябрда Орозо айтта Ноокатта камакка алынгандардын укугу одоно бузулган бир топ фактылар айтылган. Укук коргоочулар Ноокат окуясына айыпталып камалгандарды кыйнаган милиция жана коопсуздук кызматкерлери жазаланмайынча кыйноолор улана берет деп тынчсызданышууда.

“Кыргызстандагы кыйноолордун курмандыктары: Экстремизм боюнча шектелип, камалгандардын укуктарынын бузулушу боюнча мониторингдин материалдары” деп аталган китепче бүгүн тегерек үстөлдө талкууланды. Иш-чарага катышкан укук коргоочулар Ноокат окуясында тыюу “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деген айып менен камалгандарга Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жана милиция кызматкерлеринин аёсуз жасаган мамилеси, кылган кордугу тууралуу айтып жатышты.
Ноокат окуясы бүтпөй эле уланып атат...
Д. Ошурахунова

Ноокат окуясы боюнча мониторинг жасаган комиссиянын мүчөсү, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова куугунтук, кысым 2008-жылы 1-октябрда кармалып, камалгандарга гана эмес, алардын туугандарына жана башка элге бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүлүп жатат деп билдирди:
"


- Ноокат окуясы бүтпөй эле уланып атат, анткени ушул окуядан кийин милиция кызматкерлери Ноокаттын тургундарын ички иштер бөлүмүнө чакырып, коркутуп-үркүтүп, акча алууну адат кылып алышты. Мына ушинтип коррупция болуп жатат. Тескерисинче алар кыйноолорду жүргүзгөнү үчүн жоопко тартылууга тийиш болчу, тилекке каршы андай болгон жок. Ошондуктан, мен айрым укук коргоочулардын ошол кыйноо жүргүзгөн милиция жана коопсуздук кызматкерлеринин аты-жөнүн, сүрөтүн маалымат каражаттары аркылуу жана башка жолдор менен жалпы элге жарыялоо сунушун колдоого алам. Мындан башка арга калбай калды.

Эске сала кетели, 2008-жылы 1-октябрда Орозо айтта Ноокат районунун борбордук аянтына майрам уюштурууга уруксат берилбегенине нааразылык болуп, тополоң чыккан. Милиция чогулган элди кууп таратууга аракет кылып, натыйжада райондук администрациянын имараты талкаланган. Бул окуяга байланыштуу 32 киши камакка алынып, алды 17 жылга, арты 5 жылга эркинен ажыратылган. Алардын ичиндеги эки аял 7 жылдан камакка кесилген.

Ноокат окуясына байланыштуу камалган адамдар кармалган учурдан тартып, тергөө учурунда ар кандай аёсуз кыйноолорго туш болушкан. Аларды экстремисттик “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деп айыптаган күч кызматкерлери бүгүн чыныгы экстремисттерди аныктоону билишпейт дейт “Ачык пикир” коомдук уюмунун башчысы Дмитрий Кабак:
Ноокат окуясы уланып кеткенде 1990-жылдагы каргаша кайталанмак...
М. Конгантиев

- Алар айтышат: Экстремист деп шектелгендер баштарын чүмкөгөн жоолук салынып, күнүнө беш маал намаз окушат. Алардын “аллах акбар” деген коркунучтуу сөзү экстремист экенинен кабар берип турат, деп мына ушундай оюн тилекке каршы Башкы прокуратуранын кызматкери Жогорку сотто Ноокат окуясы боюнча иш каралып жатканда билдирген. Ушундай кызматкерлер кантип экстремисттерди аныктай алат?

Ноокат окуясы адилет тергелип, айыптуулар тиешелүү жазасын алышкандыгын ички иштер министри М. Конгантиев Ынтымак Курултайында билдирген:


-Ноокат окуясында кармалган адамдар баары экстремисттик топто каттоодо турган адамдар. Ноокаттагы окуя башталган ошол эле учурда Кара-Суу, Ош, Өзгөн, Базар-Коргондо, Жалал-Абатта жана Сузакта ушундай окуя болушу керек деп алдын ала уюштурулган болчу. Эгерде бул окуя уланып кеткен болсо, Ош, Кара-Суу, Өзгөн шаарларында 1990-жылкы каргаша кайталанмак.

Кыргызстан кыйноолорго каршы мыйзамды 2003-жылы кабыл алып, бул кылмыш жаза кодексине киргизилген. Укук коргоочулар бул мыйзам бар болгону менен иштебей жатканын белгилеп келишет. Жогорку соттун судьясы Низамидин Азимжанов болсо шектүү деп кармалган кишини камоого санкция берүү сотко жүктөлгөнү дал ушул кыйноолордун алдын алуу максатында ишке ашырылган деп белгиледи тегерек үстөлдө:

- Мына ушул максатта шектүү деп кармалган адам 24 сааттын ичинде сотко алынып келиниши керек деп, Башмыйзамга атайын берене киргизүү сунушталган. Анткени иликтөөлөр кармалгандарды уруп-кыйнап, күнөөнү мойнуна алдыруу аракеттери алгачкы 24 саат ичинде жүргүзүлөрүн көрсөткөнү айтылат. Бирок азыркы кылмыш жаза кодекси боюнча шектүү кишинин айыбын мойнуна коюп, камакка алууга 48 саат берилет. Биз азыр муну жокко чыгарып, 24 саатты калыбына келтирүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп жатабыз.

Ноокат окуясынан башка да Кыргызстанда кыйноолор күч болуп жатканы тууралуу укук коргоочулар доолбас кагып келишет. Бул маселе менен Акыйкатчы институтунда атайын жумушчу топ иш алып барат. Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргени боюнча аныкталган фактылардын изи күч органдарынан ары жоголуп кетип жатат.

Кыргызстанда акыркы төрт-беш жылдан бери жабык мекемелерде кыйноолордон 6 киши каза тапкан. Мындан тышкары кыйноонун азабынан ден соолугунан ажырагандардын саны ондоп саналат дешет укук коргоочулар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG