Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

"Жирный" эмеспи, Жириновский мырза?


Орусиянын Либерал-демократтык партиясынын көсөмү бар – Владимир Жириновский аттуу. Түбү Борбор Азиядан болсо да, Алматыда туулуп, ошол жерде казак балдарга "атамандык" кылса да, азиялыктарды Орусиянын «сокур ичегисиндей» көрөт.

Кызыгы ал шайлоо болсо эле беш жолу Орусиянын журт башчысы боломун деп жулунуп, 1991, 1996, 2000, 2008, 2012-жылдарда президенттик күрсү үчүн таймашка түшкөн. Бирок өмүрү элдин он пайыз колдоосуна да татыбаган, 2000-жылы 2,70, 2012-жылы 6,22 пайыз гана добуш топтогон.

1964-жылга чейин атасына катталып, Эйдельштейн деп жүрүп, апасынын фамилиясына өтүп алган. Атасы Вольф Исаакович Эйдельштейн (1907 – 1983) Израилде көмүлгөн. Владимир Вольфович ата тарбиясын көрбөй калган. 1991-жылдагы шайлоо кампаниясынын алдында "мать – русская, отец – юрист" деген фразасы менен элдин баарын таң калтырган.

Ошол киши Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасында Кыргызстандын карызы жөнүндө катуу айтты.

Ырас, карызды төлөшүбүз керек, кеп анда эмес, кудай буйруса, төлөөрбүз...
Бирок ал киши эмне дейт десеңиз – карыздын ордуна Ысык-Көлдү бергиле деп атпайбы. Башка бирөө айтса бир жөн эле. 2006-жылы Мамдуманын вице-спикери кезинде дал ушул Ысык-Көлгө келип, меймандос кыргыз элинен толгон-токой белек-бечкектерден тышкары, жээктен 20 сотых жер алып кеткен, ЛДПРдин лидери айтып атпайбы...

Анан дагы Бишкек айыл болгон, мал, гилас, жүзүм, дарбыз, коон өскөн, ошол жерди Совет бийлиги шаарга айландырды, орус инженерлери барган, машиналар пайда болгон, шаарлар курулган, анан ал жердин эли Москва баарын берчү, дагы да бере берет деп отурушат деп айтканы күйбөгөндү күйгүзөт. Анын ою боюнча кыргыздарды орустар гана шаарлаштырып, ошолор гана багып келиптир. Бул эмне деген логика?

Орус оторчуларын бул жакка бирөө чакырды беле? Карыз берип алып, Ысык-Көлдү сураганы эмнеси? Ысык-Көлдүн күнүнө күйүп, кумуна оонап, ал жердин сыйын көрүп жатып, арам оюн коюнуна сала кетээрин ким билиптир...

Ысык-Көл кимди гана кызыктырып келбеген: монголдор, ойроттор, жунгарлар, кытайлар, калмактар, орустар... Ошолордун баарынан кыргыздар каны менен сактап, азыркы муунга өткөрүп берди. Анан биз ошол ЫЙЫК КУТту, жараткандын баа жеткис тартуусун карыз алганыбыз үчүн берип жибермек белек? Же ал карызды «юристтин баласы» чөнтөгүнөн чыгарып берди беле? Ал эмнеге абайлап сүйлөбөйт, Ысык-Көлдүн тагдыры менен бул жакта канча адамдын тагдыры байланышып жаткандыгын неге ойлобойт?..

Владимир Вольфович «при русском царе все было в порядке» деп атпайбы? Ал Үркүн окуясын эмнеге эстебейт? «Великолепное озеро, теплое, лучше, чем Черное море» деп шилекейин чуурутуп жатып, ал «котур ташын» коюнунан чыгарып, өзүнүн эле пикири эмес, партиясынын да пикири экенин кылтыйтып жатпайбы?..

Жок, жолдош Жириновский, Сизге Кыргызстандын Ысык-Көлү өтө эле «жирный» болуп кетет, абайлап ой айтыңыз... Ар бир кыргызстандык, анын ичинде орустар да, еврейлер да, башы жок башчылар алып төлөй албай калган карызды чөнтөктөрүнөн чыгарып да болсо төлөп берет, бирок бир укум жерди кармата бербейт, Сиз айткан Москванын жардамынын гана эмес, Москванын буйругунун да куну кыйынга турган, анын баары кудай жалгап өтүп кетти...

Абдыкерим МУРАТОВ, журналист
XS
SM
MD
LG