Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Коалициялык көпчүлүк Рысалиевди ишинен убактылуу бошотууну колдоду


Парламенттеги коалициялык көпчүлүк Азиз Батукаевдин иши териштирилип бүткүчө Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди кызматынан убактылуу бошотуп туруу боюнча депутаттык комиссиянын сунушун колдоду. Бул тууралуу көпчүлүктүн лидери Феликс Кулов кабарлады.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Батукаев боюнча депутаттык комиссия мурда күнү вице-премьер-министр Шамил Атахановду, башкы прокурор Аида Салянованы, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди, Нарын шаардык соттун төрагасы Жапар Эрматовду, адистешкен прокурордун жардамчысын, Нарындагы абактын башчысынын орун басары Абылгазиевди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган. Көп өтпөй Атаханов өз эрки менен кызматын убактылуу тапшырган. (EBM)

XS
SM
MD
LG