Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Шамалды-Сайда үч аял “хизбутчу” деп шектелүүдө


Бул тууралуу Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мухидин Толубаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аялдардын үйүн тинткенде "Хизб-ут Тахрир" уюмуна таандык китептер жана баракчалар табылды. Экспертиза менен далилдөө үчүн бул материалдар Ошко жөнөтүлдү.

Шамалды-Сайда өткөн айда да бир аял Кыргызстанда тыюу салынган уюмга тиешелүү китептер, баракчалар жана компакт-дисктер менен кармалган. Аталган шаарчада буга чейин да диний экстремизмге тиешеси бар деп шектелген аялдар тобу колго түшкөн болчу.

ИИМдин 10-башкармалыгынын жетекчиси Таалай Акбаев Кыргызстанда бардыгы болуп 1,5 миңден ашык адам диний экстремисттик-террористтик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турарын, анын дээрлик 86 пайызын "Хизб-ут Тахрирге" киргендер түзөрүн “Азаттыкка” маалымдаган.

Кыргызстанда сегиз диний уюм экстремисттик-террорчул деген кара тизмеге киргизилген, алардын ичинен эң кооптуусу деп "Хизб-ут Тахрир" уюму аталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG