Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Орусияда оппозициячыл маанайдагы кишилер кармалды


Бийликтер билдиргенге караганда, Москвада 20 киши «ар кандай мыйзам бузуулар» үчүн камакка алынды. ИТАР-ТАСС агенттиги кабарлагандай, кармалгандардын көбүн Кызыл аянтта уруксатсыз нааразылык акциясын өткөрмөк деген кине менен кармап кетишти. Кабарларда айтылгандай, алардын көбү президент Владимир Путинге каршылыкты билдиргенде ак тасма байланып жүрүшкөн. Оппозиция активисттери уруксатсыз демонстрациялар боюнча тыюуну айланып өтүү үчүн, «жөн эле көчөдө чогуу басалы» деген тактиканы тандап алган.

XS
SM
MD
LG